Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Сирияга БУУнун алгачкы байкоочулары барат


Сирия армиясы жекшемби күнү ортолуктагы Хомс шаарын оор куралдардан аткылаганын оппозиция активисттери кабарлады. Бирок бул кабарды көз карандысыз булактар тастыктай элек. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо жүргүзчү уюм өткөн түнү Алеппо шаарында аткылашуулар болгонун да билдирди.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши ишемби күнкү жыйынында 12-апрелден тарта токтогон атышууларга көзөмөл салуу үчүн Сирияга алгачкы 30 байкоочу жөнөтүлсүн деп чечти бир добуштан. Ок атууларды токтотуу президент Асаддын өкмөтү менен анти-өкмөтчүл козголоңчулар арасында 13 айдан бери жүрүп жаткан куралдуу чатакта кеминде 10 миң адамдын өмүрүнө зобун келтирилгени айтылууда.

XS
SM
MD
LG