Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Кой кыркуу олимпия оюндарына сунуш этилүүдө


Жаңы Зелландиялык малчылардын сүрөөнчү тобу кой кыркуу Британиянын мурдагы колониялары кирген Шериктештиктин мелдештерине гана эмес, Олимпия оюндарына да спорттун көрсөтмө түрү болуп кире алат деп эсептейт. Аталган топтун эт жана жүн бөлүмүнүн төрайымы Панет Максвек спорттун башка түрлөрүндөй эле кой кыркуу тажрыйбаны жана күчтү талап кылаарын белгиледи. Жаңы Зелландиялык Иван Скотт сегиз саатта 749 койду кыркып, сакманчылыктын ага чейинки рекордун багындырган, ал эми анын жердеши Керри-Жо Те Гуи-а ушул эле мөөнөттө 507 койду кыркып, айалдар арасында дүйнөлүк рекорд койгон. Сакманчылык боюнча мелдештер Австралияда да өтүп турат.

XS
SM
MD
LG