Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Кыргызстан “Ак тилек” өтмө бекетин ачууга даяр


Кыргызстан Чүй облусундагы кыргыз-казак чек арасындагы “Ак тилек” өтмө бекетин ачуу үчүн баардык техникалык түзүмдү жаңыртты. Учурда Казакстан тарап тиешелүү даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин Чек ара кызматынын төрага орун басары Таалайбек Адашпасов “Ак тилек” өтмө бекети 16-апрелде ачылаарын билдирген болчу. Ал казак тарап Ысык-Көлдөгү "Каркыра" өтмө бекетин ачууну караштырып жатканын, ал эми Таластагы "Кичи-Капка" бекети боюнча маселе дагы эле талкууланып жатканын билдирген эле.

Ырасмий Астана 2010-жылы Кыргызстандагы коогалуу окуялардан кийин кыргыз тараптагы чек арасын жаап, алты өтмө бекетин бекитип алган. Азыр Чүйдөгү “Ак жол” менен “Чалдабар” бекеттери гана ачык турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG