Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Клинтон түнкү клубга барды


АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Колумбиядагы Эки Америка саммитинин соңунда Картахена шаарындагы түнкү клубга барды. Кубалык музыкасы менен таанымал бул клуб менен катар ал "Гавана" кафесинде сыра ичти. "Нью-Йорк Посттун" жазышынча, ал "Аквила Пилзнер" пивосун тандады. Кийин жардамчы айымдарга кошулуп, румба бийин бийледи. "Гавана" кафесинин ээси мамкатчынын "көңүлү куунак" болгондугун билдирди. Мунун алдында мамкатчы Клинтон түн ортосуна чейин расмий жолугушууларда болгон эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG