Линктер

шейшемби, 25-апрель, 2017 Бишкек убактысы 05:03

Зуура Сооронбаева акыркы сапарга узатылат


Бүгүн Каракол шаарында Кыргыз Эл жазуучусу Зуура Сооронбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Залкар жазуучу менен коштошуу зыйнаты шаардык К.Жантөшов атындагы драмтеатрда өттү. Жазуучу Сооронбаева катуу оорудан кийин 14-апрелде 88 жашында көз жумду. Жазуучунун «Астра гүлү» повестинен тарта «Жапайы розалар», «Жетимдер», «Ленинграддан келген кат» жана кийинки учурдагы «Сынган мазар», "Байлык жана махабат", «Баян», "Чоочун киши" жана башка чыгармалары кыргыз окурмандарга кеңири белгилүү. (MK/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG