Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Сауд Арабстан кыргыздын тоо балына кызыгууда


Сауд Арабиянын ханзаадасы Саад бин Абдалла бин Мусаил Ал Сауд Кыргызстандан айыл чарба продукциясын экспорттоо маселесин элчи Жусуп Шарипов менен талкуулады. Ханзаада өзгөчө кыргыз балына кызыгаарын айтты. Элчи кыргыз өкмөтү чет элдик инвесторлордун келишине ыңгайлуу шарт түзүп жатканын, арабдар менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Өлкө президентинин Сауд Арабияга сапарын уюштурууга да кызыкдар экенин кошумчалады. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда мамилелер бекемделе баштаганы айтылды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG