Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Сирияда тынчтык келишими бузулууда


Сирияда ок атышууну токтотуу келишимине карабай уруш уланууда. Өкмөттүк күчтөр бүгүн да Хомс шаарын танкалар менен ракеталардан аткылашканы кабарланууда. Оппозициялык активисттердин айтымында, кеминде 2 киши окко учту. Соңку окуялар президент Башар Асад 12-апрелде күчкө кирген планды канчалык карманат деген күмөн саноолорду пайда кылды. 13 айдан бери уланып келаткан кан төгүүнү токтотуп, саясий диалог баштоо долбоорун БУУ менен Араб лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннан иштеп чыккан. Анын аткарылышына көз салуу үчүн Сирияга байкоочулардын алгачкы тобу келди. Алар режимдин жана оппозициянын өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Жума аягына чейн 30 чакты байкоочунун келиши күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG