Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Кабулда согушкерлер менен кармаш 16 саатка созулду


Ооганстандын ички иштер министри кечээки жапырт кол салуулардын артында "Хаккани" тобу турат деп билдирди. Бесмилла Махамадинин ырастоосунда, колго түшкөн согушкерлердин бири теракттарды Пакистанда жайгашкан "Хаккани" уюму ишке ашырганын моюнга алды. Ал аралыкта Кабулда 16 саатка созулган кармаш бүгүн эртең менен согушкерлердин турумдарына каршы операция менен аяктады. Кечээ ооган баш калаасында жана бир катар башка шаарларда мейманканалар, НАТОнун кеңселери, Германия менен Британиянын элчиликтери жана парламент имараты бутага алынган.

Кол салуулар үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өзүнө алып, муну жазгы чабуулдардын башталышы деп атады. НАТО баштаган бейпилдик күчтөрүнүн маалымат катчысы генерал Карстен Якобсон жоочулар өздөрүн “рекламалоону” көздөшүүдө деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG