Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Ош: Орус аскеринин аялы уулун мууздады деп шектелүүдө


Кылмыш ушул үйдө болгону айтылууда.
Кылмыш ушул үйдө болгону айтылууда.

Ошто жашаган Анастасия Телятникова аттуу орусиялык жаран "төрт жаштагы баласын мууздап өлтүрүп, кызына кол салган" деген шек менен камакка алынды.

Мойнунда бычактын изи калган эки жаштагы кызды догдурлар ооруканада дарылап жатышат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги аял психотроптук дарылардын таасири менен өз балдарына кол салган деп кабарлоодо. Ал ортодо орусиялык айрым маалымат каражаттары бул фактыга саясий бойок сүртүүгө аракет кылып жиберди.

Окуя Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн №228 көп кабаттуу үйүнүн үчүнчү кабатында, 13-апрель күнү болгон.

26-батирден мыкаачылык менен мууздалып өлтүрүлгөн 4 жаштагы Артем Бутьконун сөөгү жана ошондой эле мойну канжалаган 2 жаштагы Елизавета Бутьконун жарадар денелери табылган. Азырынча бул батирде эч ким жоктой, сыртынан бекем бекитилиптир.

Окуя боюнча шаардык милиция учурда тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын айтат. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Эрнис Осмонбаев кылмышка балдардын энеси шектелип жатканын кабарлады:

- Бул үйдө Орусия Федерациясынын жарандары жашайт экен. 4 жаштагы баланын бычактан жаракат алган сөөгү жана 2 жаштагы кыздын да ошондой эле абалдагы жарадар болгон денеси табылгандыгы тууралуу маалымат бар. Алар экөө бир тууган болуп чыкты.

Кылмыш ушул батирде болгон
Кылмыш ушул батирде болгон
"Ошто жашаган орусиялык чек арачынын аялы Анастасия Телятникова мындай кылмышка наркотикалык каражаттарды, тактап айтканда "Кодетерп", "Пенталгин" жана "Мидрициан" дарыларын ийне саюу жолу менен колдонгондон кийин баргандыгы аныкталды" дейт милиция.

ИИМдин маалымат катчысы Эрнис Осмонбаевди угалы:

- Суракка Телятникованын адвокаты, Орусия Федерациясынын ФСБ, чек ара кызматынын өкүлдөрү да катышкан. Ошолордун көзүнчө бул аял психотроптук каражаттарды колдонуу менен ушундай кылмышка баргандыгын мойнуна алып, көрсөтмө берген. Учурда окуя тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Анастасия Телятникова Орусиянын Москва шаарында туулган. 30 жаштагы аял мындай кылмышка күйөөсүнө өчөшүп барганын сурак учурунда айткан.

Бирок буга чейин бир катар орусиялык маалымат каражаттарында, окуяга саясий бойок сүртүлгөн кабарлар таркап кеткен. Айрымдары муну улуттук маанай менен байланыштырса, кээ бир интернет басылмалары орусиялык аялдын балдарын "газ кызматынанбыз" деп анын үйүнө келген адамдар союп салгандыгын кабарлаган. Балдардын энесине да сурак ишин Орусия Федерациясы өзү жүргүзүшү керектиги айтылган.

Абдысамин Анарбаев
Абдысамин Анарбаев
Кылмыш болгон жерде күбөлөр көргөнүн "Азаттыктын" кабарчысына айтып беришти.

№228 үйдө устачылык кылып жаткан Акылбек Сулайманов:

- Бир маалда эле аял кичинекей кызын кучактап, ыйлап чыкты. Газга ууланып калган окшойт. Менимче, газды ал аял өзү койо берген болуш керек. Бирок неге экенин билбейм. Анан ошол аралыкта үйгө сырттан бирөө жарым киргенин эч кимибиз байкаган жокпуз.

Мойну бычак менен кесилген эки жашар Елизавета Бутько учурда реанимация бөлүмүндө жатат. Ош областтар аралык балдар ооруканасынын баш дарыгери Абдысамин Анарбаев "Азаттыкка" буларды айтты:

- 13-апрель күнү кечки саат 18:50лөр чамасында биздин ооруканага 2 жашар Елизавета Бутько деген кыз түшкөн. Мойну бычак же ушул сыяктуу курч нерсе менен кесилген. Анын тамактан дем алуучу органынын түтүгү кесилип калган. Кан кетип калыптыр. Азыр эми абалы өтө жакшы эмес, бирок канааттандырарлык. Коркунучтуу симптомдору азайып, тамак ичүүгө жарап калды.

Окуя боюнча соттук-психиатриялык экспертиза жүрүп жатат. Кылмышка шектүү орусиялык Анастасия Телятникова учурда Ош шаардык убактылуу кармоочу жайда кармалууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG