Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Дүйнөлүк банкты жетектөөгө америкалык көрсөтүлдү


Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши жетекчилик кызматка АКШда туулган корей улутундагы Жим Йоң Кимди көрсөттү. 52 жаштагы дарыгерди батыш европалык өлкөлөр, Жапония, Канада, ошондой эле Орусия сыяктуу базар мамилелерине жаңы түшкөн өлкөлөр колдошту. Ага Нигериянын каржы министри Нгози Оконжо-Ивела атаандаш чыккан эле. Ким бекилээрдин алдында Оконжо-Ивела Дүйнөлүк Банктын жаңы жетекчиси тажрыйбасына карап эмес, саясий негизде тандалып жатат деди. Акыркы кездери банктын жалаң америкалыктардын башкарышына каршы кысым күч алган.

XS
SM
MD
LG