Кыргызстанда 3-4 айдан кийин улуттар аралык мамилени козутууга багытталган маалыматтарды камтыган интернет-булактарын аныктай турган программа ишке киргизилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамил Атахановдун кечээ, 16-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай программа өлкөнүн улуттук жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу багытында иштелип жатат.
Кечээ, 16-апрелде парламент комитеттеринин биргелешкен жыйынында апрел-июн окуялары боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы талкууланган. Анда биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамил Атаханов жана баш прокурор Аида Салянова маалымат беришти. (КЕ)