Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Чоң-Алайдагы талаштуу тилкелер ай соңунда каралат


Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун тургундары аймактагы Унжу-Булак, Караганды-Сай, Шаты жана Көлдүк жайлоолору Тажикстанга өтүп кеткенин, азыр бул жайлоолорго мал жая албай калышканын “Азаттыкка” билдиришкен болчу. Эгер аталган жайлоолор Тажикстанга таандык деп аныкталса, аны Шумкар-Тоо деген тоонун жанындагы жерге алмашууну сунушташкан. Бул тууралуу өкмөттүн Чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кабарлап, бирок Тажик тарап бул сунушту кабыл албаганын билдирди.

“Бул жер алыс жана мал жайганга ыңгайсыз жер деп болбой коюшкан. Унжу-Булак, Караганды-Сай Тажикстанга өтүп кетти деген маалымат туура эмес. Бул жерлер Кыргызстан же Тажикстанга таандык деп эч ким айта элек. Ал эми Шаты жана Көлдүк жайлоолору боюнча талаш маселе жок” – деди Искандаров.

Бул маселе апрель айынын соңунда эки өлкө чек арачылары жана Чоң-Алай тургундары менен жолугушууда сүйлөшүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG