Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Баткенде РСК Банктын кассиринин өлүмү боюнча сот башталууда


Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунда бүгүн РСК Банктын кассиринин өлтүрүлүшү боюнча иш каралганы жатат. Кабарчыбыздын айтымында, сот имаратынан алдында маркум келиндин жүздөй тарапкери, туугандары чогулуп “Мыкаачыга өлүм!”, “Киши өлтүргөнгө биздин арабызда орун жок” деген жазуулар менен турушат.

Быйыл 26-январда РСК Банктын Айдаркендеги бөлүмүндө кассир болуп иштеген Камила Абдыкаарова аттуу келин банкты тоногону кирген адамдын колунан мерт болгону айтылган. Анын эртеси күнү эле бул кылмышка шектүү делген адам кармалып, ал жергиликтүү тажик тектүү жаран – Жонибек Махмадов болуп чыккан. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG