Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Кытай Кыргызстандагы кылмыштуулукка каршы күрөшкө каражат бөлдү


Кытай өкмөтү Кыргызстандагы коомдук тартипти сактоого жана кылмыштуулукка каршы күрөшкө 20 миллион юан бөлдү. Бул үч миллион долларга жакын акча, буга чейин бөлүнүп келген каражаттан төрт эсе көп. Кытайдын мындай чечими тууралуу Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев менен Пекинде өткөн жолугушууда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, министр Мэн Цзяньчжу айтты. Табалдиев Пекинге Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынына катышуу үчүн барган. (RK)

XS
SM
MD
LG