Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Тегеран: Бизге кол салгандар дароо жообун алат


“Ирандын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирген кайсы күчтөр болбосун биз өз эгемендигибизди коргоп калууга даярбыз”, - деди президент Махмуд Ахмадинежад бүгүн өлкөнүн армия күнүндө сүйлөп жатып. Иран лидери бул сөз кимге багытталганын так белгилеген жок. Бирок буга чейин Ахмединежад ядролук курал программасын такай сынга алчу АКШ менен Израилге “кол салсаңар дароо жооп беребиз” деп бир нече ирет билдирүү жасаган.

Президент ошондой эле Перси булуңда коопсуздукту камсыздаш үчүн аймактык кызматташтыктын мааниси чоң экенин кошумчалады. Ахмединежаддын билдирүүсү Катардын борбору Дохада Перси булуңунун аймагындагы алты Араб өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери жолугушаардан бир нече саат мурун жарыяланды. Бириккен Араб Эмираты менен Иран Перс булуңундагы кичи аралдарга ээлик кылууну көздөшөт. Эмират Тегерандан өз элчисин чакыртып алган.

XS
SM
MD
LG