Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Майдын майрам күндөрү боюнча токтом чыкты


Быйыл май майрамдарына байланыштуу иш күндөрү жылдырылбайт. Бул тууралуу Жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министрлигинен кабарлашты. 1-майда Эмгек майрамы, 5-майда Конституция күнү жана 9-майда Жеңиш күнү белгиленет. Быйыл бул күндөр дем алыш күндөргө туш келбегендиктен иш күндөрү ошо бойдон калат, жылдырылбайт. Эмгек кодексине ылайык, майрам алдындагы күндөрү - 30-апрелде, 4-майда жана 8-майда иш күнү бир саатка кыскарат. (RK)

XS
SM
MD
LG