Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Бийлик-оппозиция сүйлөшүүсү ара жолдо


Оппозиция лидерлери Жалал-Абаддагы митингде, 10-апрель, 2010.
Оппозиция лидерлери Жалал-Абаддагы митингде, 10-апрель, 2010.

Өткөн жума этегинде премьер-министр Өмүрбек Бабанов Twitter барагы аркылуу оппозициячыл күчтөрдү 18-апрелде жолугушууга чакырганын жарыялаган.

Оппозиция лидерлери өкмөт башчыдан расмий сунуш келип түшпөгөнүн айтып, аны сөзү менен иши дал келбейт деп айыпташууда.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, сүйлөшүү сунушу оппозиция лидерлеринин штабына өткөн жуманын этегинде эле берилген:

- Өкмөт башчы сүйлөшүүгө ар бир тараптан бештен киши катышсын деп сунуштаган. Ишемби күндөн бери мен Камчыбек Ташиевдин, Адахан Мадумаровдун да штабы менен байланышып жатам. Алдын ала жолугушууга макулдугун беришкен. Камчыбек Ташиевдин өкүлдөрүнөн жолугушууну 1+1 форматында өткөрүү сунушу түштү. Бирок бул туура келбеген формат. Себеби өкмөттүн мүмкүн болушунча кененирээк чөйрөдөгү оппоизция өкүлдөрү чогулса деген максаты бар.

Каназаров жолугушуунун шарттары бар экенин белгилеп, бирок оппозиция жооп бере электигин кошумчалады:

- Биринчи шарт - жолугушуунун күн тартибин аныктоо: кайсы маселелерди алып чыгарыбызды белгилешибиз керек. Экинчиси - жолугушууга катыша турган кишилердин курамы. Өкмөт тараптан катыша турган адамдардын тизмесин жана күн тартибин оппозицияга берүүгө даярбыз. Бирок тилекке каршы оппозиция тараптан ич ара кеңешүүлөр жүргөнү тууралуу менде маалымат жок. Ич ара консультациялардын негизинде беш өкүлүн алып чыгышы керек болчу. Бирок ал боюнча бизге эч кандай сунуш түшкөн жок. Жолугушуунун демилгечиси катары биз алардын жообун күтүп жатабыз. Оппозициядан курамы жана күн тартиби тууралуу так маалымат келип түшө элек.

Ал эми Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев жолугушуу тууралуу сунушту албаганын билдирди:

- Мен башка жакта иш сапарда жүрөм. Эч кандай сунуш түшкөн жок, эч нерсе айта элек.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров да өкмөттүн жолугушуу чакырыгын албаганын айтты. Мадумаров “Азаттыктагы” маегинде премьердин сөздөн ишке өтө албай жатат деп сындады:

- Бабанов тарабынан да, өкмөт тарабынан да жолугушуу, сүйлөшүү жөнүндө сунуш келип түшкөнүн көргөн жокмун. Кетмен көтөрүп атып да сүйлөшүүгө даярмын деп, бак тигип атып да сүйлөшүүгө даярмын деп кыйкыра бериштин эмне кереги бар? Мындай нерсе жарыяланбайт. Дүйнөгө жар салынбайт. Ошол сүйлөшөм деген азаматтар менен кайсы маселенин тегерегинде сөз кылабыз, коюп аткан маселеңиздер эмне деп сураш керек болчу. Бул кыпкызыл эле пиар. Жолукпайм деген киши барбы? Биз канчадан бери эле жолугушалы деп келатабыз. Бул талапты Бабанов ойлоп тапкан жок. Биз “келгиле жолугушалы, мобул жасап аткан ишиңер туура эмес, мобул күнөөлүү кишилерди жазага тартасыңарбы, мобул адис эмес кишиңерди кызматтан аласыңарбы, кесипкөй инсандарды партиянын мүчөлөрү эместигине карабастан Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн коё аласыңарбы? Келгиле, сүйлөшөлү”, деп атабыз.

Бийлик да, оппозиция да ийри отуруп түз кеңешүү тууралуу бир канча жолу сунуш менен чыгып, бирок сүйлөшүү өткөрүлбөй жатканы үчүн бири-бирине доомат артып келишет. Буга чейин премьер Бабанов оппозиция лидерлери менен сүйлөшүп, орток пикирге келишкенин жарыялап жиберген. Көп өтпөй берки тарап сүйлөшүү болгонун төгүнгө чыгарган.

Оппозиция буга чейин март-апрель айларында Ош, Баткен жана Жалал-Абадда миңдеген тарапкерлерин көчөгө жыйнап, өкмөттүн кетишин талап кылып митинг өткөргөн болчу. Жалал-Абаддагы акыркы митингде талаптардын аткарылышына 21-апрелге чейин убакыт чектеп, болбосо өлкөнүн ар аймагында нааразылык акциялар башталарын эскерткен.

Ал арада орусиячыл талдоочу Александр Князев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев түштүк элитасы менен ымалага келбесе күзгө таяп бийлигинен ажырайт деген божомолун айтып жиберди.

Кыргызстандык саясат талдоочу Марс Сариев муну Орусияда Кыргызстандагы олку-солкулукту самаган күчтөрдүн аракети менен түшүндүрдү.

- Кыргызстанды күч менен басып, империялык реваншизм ыкмасын колдонууну каалаган күчтөр бар. Ошондуктан Князевдин позициясы конструктивдүү эмес. Кыргызстанды олку-солку кылгысы келген күчтөр бар. Ошондой оюн болуп жатат.

Ошентип, Кыргызстанда оппозиция менен бийлик ийри отуруп, түз кеңешип, мунасага келеби, же өлкө кайрадан толкундоолор кучагына батабы? – деген суроо азырынча жоопсуз калууда.

XS
SM
MD
LG