Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Чемпиондор лигасы: "Бавария" - "Реал" 2:1


Европа Чемпиондор лигасынын кубогунун жарым финалдык биринчи оюн Германиянын Мюнхен шаарында өттү. Жергиликтүү "Бавария" Мадриддин "Реалы" менен беттешти. Негизинен майдан ээлеринин үстөмдүгү менен өткөн таймаш 2:1 эсебинде немис футболчуларынын жеңиши менен аяктады. "Бавариянын" француз тектүү чабуулчусу Рибери эсепти 1-тайм ортосунда ачты, бирок 2-тайм башында Испаниядан келген коноктор контрчабуул жасап, Бензема - Роналду - Өзил үчилтиги мюнхендиктердин коргонуу чебин бузуп өтүп, Өзил эсепти теңеди. Таймаштын бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда "Бавариянын" тынымсыз чабуулу үзүрүн берип, Гомес майдан ээлерин жана түмөн сан күйөрмандарынын төбөсүн көөккө жеткирди - 2:1. Эми эки клуб 25-апрелде Мадридде кездешет.

Ал эми бүгүн болсо Лондондо жергиликтүү "Челси" менен Испаниянын чемпиону - Барселонанын аты уйкаш клубу кездешмекчи. "Барселона" - Чемпиондор лигасынын былтыркы кубогунун ээси.

XS
SM
MD
LG