Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Нарын: Өрттөлгөн базардын сатуучулары ачкачылык жарыялашты


Ушу тапта Нарында былтыр өрттөнүп кеткен базардын сатуучулары нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Алардын бири Бактыгүл Жумабаеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, он чакты киши акчачылык жарыялады. Алар шаар бийлигине жана Жогорку Кеңешке кайрылып, маселесин чечип берүүнү талап кылып жатышат. Жумабаеванын айтымында, өрттөнгөн базарда иштеген 143 жеке ишкердин товары бүт күйүп кеткен. Банктан кредит алгандарынын үстөк пайызы өсүп, күрөөгө койгон үйлөрүн банктар тартып алганы жатат. Жаңы базардагы орун маселесин чечип, банктар тарабынан аларга карата колдонулуп жаткан чараларды токтотуу талабы коюлууда.

Былтыр июлда Нарындагы "Мукаш Ата" базары өрттөнүп кеткен. Анда иштеген соодагерлер жанында курулуп жаткан жаңы "Кут Ордо" базарына көчүрүлгөн.

Шаар мэриясы жер-жемиш базары бир жерде болушу керек деген талабын коюп, көчөнүн ар кайсы жерине тура калып соода кылып көнгөндөрдү тартипке чакыруу аракети жасалып жатканын айтууда. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG