Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Өзбек тилинде тестирлөөгө каршылар митингге чыгышты


Бүгүн Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрүн өзбек тилинде тестирлөөгө каршылар митингге чыгышты. Жогорку Кеңештин алдына, Билим берүү жана илим министрлигине барып, талаптарын коюшту. Чогулгандардын саны он чакты адам болду. Алар өзүлөрүн жаштар кыймылы деп атап, абитуриенттерди тестирлөө кыргыз жана орус тилдеринде гана жүргүзүлүшү керек деген оюн билдиришти.

Билим жана илим министрлигинин маалымат катчысы Керез Жукееванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, жогорку окуу жайына өтөм деген мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн тестирлөөнү кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде өткөрүү жөнүндө өкмөттүн токтому 2001-жылы эле кабыл алынган. Он бир жылдан бери ошол тартипте өтүп келатат. Кыргызстандагы 2204 мектептин 135инде окуу өзбек тилинде аралаш өтөт, ал эми алардын ичинен 91инде окуу процесси жалаң гана өзбек тилинде жүргүзүлөт. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG