Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Орусияда үч скинхед тажиктерге кол салганы үчүн соттолот


Орусиянын Тергөө комитетинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Екатеринбург шаарында жергиликтүү үч жигиттин үстүнөн козголгон кылмыш иш сотко өткөрүлдү. Тергөөчүлөрдүн айтымында, алар эки тажикти бычакташып, дагы бирөөсүн тирүү өрттөөгө аракеттенишкен. Кол салууга кабылгандардын баары аман калган. Бул окуялар 2010-2011-жылдардын аралыгында болгон.

Иши сотко берилгендер расалык жана этникалык жек көрүүчүлүктөн улам атайлап кол салган, бейбаштык кылган деп айыпталышууда. Орусиялык скинхеддер борбор азиялык мигранттарга кол салып, өмүрүн кыйган же жарадар кылган ондогон учурлар жыл сайын катталат. (UE)

XS
SM
MD
LG