Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Түндүк Корея АКШ менен келишимге байланбасын билдирүүдө


Расмий Пхеньян БУУнун анын ракета учуруусу боюнча соңку жекиригин четке кагып, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Коопсуздук кеңешиндеги добуш берүүнү “жөнсүз” деп атады.

Пхеньян ошондой эле АКШны быйыл февралда жетишилген келишимдин аткарылуусун кармап жатканы үчүн сындап, мындан ары ал келишимге байланбай турганын билдирди. Ал келишимге ылайык, Түндүк Корея өзөктүк жана ракеталык программасын токтотуп, мунун ордуна азык-түлүк жардамын алмак.

Өткөн жума күнү Түндүк Корея узак аралыкка мерчемделген ракетасын учуруп, бирок ал көтөрүлгөндөн көп өтпөй эле талкаланган.

Пхеньян ракета Орбитага аба ырайына байкоо салуучу спутникти чыгармак деп ырастоодо. Батыш өлкөлөрү болсо муну ракета сыноону жашыруу катары баалоодо. БУУнун резолюциялары боюнча Түндүк Кореяга узак аралыкка учуучу ракета сыноого тыюу салынган. (UE)

XS
SM
MD
LG