Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Иран: депутаттар тобу президент Ахмадинежадга каршы чыкты


Депутаттар президентти айыптаган катты парламент төрагасына жолдошту.

Махмуд Ахмадинежад президенттикке келген жети жылдан бери депутаттар тобу тарабынан ага каршы мындай кадам алгач ирет жасалууда. Эгер 290 орундуу парламенттен көпчүлүктүн колдоосун тапса, президентке каршы импичмент процедурасын баштоого жол ачышы мүмкүн.

Жыйырма бир депутат төрага Али Ларижаниге жолдогон катында президент “мажлисти (парламентти) шылдыңдап жатканын” белгилешкен.

Марттагы шайлоодо Ахмадинежаддын талапкерлери парламентте көпчүлүктү түзбөй калган. Депутаттар президент мыйзамдарды кабыл алууда аларды буйтап кетип жатканы үчүн сындашкан.

Парламент депутаттарынын мындай каты Ахмадинежадга өлкө ичиндеги колдоонун деңгээли басаңдап жаткан учурга туш келди. (UE)

XS
SM
MD
LG