Март айында Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгына белгисиз бирөөдөн маалымат түшкөн. Анда шаардагы моделдик агенттиктердин биринин фотосүрөтчүсү, өспүрүм кыздарды алдап жылаңач сүрөткө тартып, акча өндүргөнү жазылган. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, милиция тарабынан ал алган убактылуу батир тинтүүгө алынып, компакт-диск, ноутбук жана жылаңач кыздардын сүрөттөрү алынган. Экспертизанын тыянагы боюнча, бул сүрөттөр порнографиялык мүнөзгө ээ деп табылган.
Сүрөттөгү кыздардын бирөөсүнүн өздүгү тастыкталып, 13 жашар кыздын энеси милицияга кайрылган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. (КЕ)
Сүрөттөгү кыздардын бирөөсүнүн өздүгү тастыкталып, 13 жашар кыздын энеси милицияга кайрылган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. (КЕ)