Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Оторбаев Дүйнөлүк Банк менен Валюта корун сындады


Кыргызстандын премьер-министринин орун басары Жоомарт Оторбаев аталган финансы институттары өкмөттүн экспертиза жана инвестиция талаптарына ыкшоолук менен жооп берип жатат деп ырастады. Оторбаев Вашингтондо Улуттук Демократиялык институтта сөз сүйлөдү. Суроолорго жооп берип жатып ал Кыргызстанда бүгүн уюшкан кылмыштуулуктун тамыры кыйылып, коррупциянын канаты кыркылып жатат деп ырастады:

- Уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү түрмөдө отурушат, же чет жактарда качып жүрүшөт. Коррупция менен күрөшүп жатабыз. Үч айда 20 чакты министр, сотторго жана парламент мүчөлөрүнө кылмыш иши козголду. Мурдагыдай чабактар гана кармалып, чоң балыктар билгенин кыла албай калышты.

Вице-премьер ошондой эле улуттар аралык мамиледе билим же маалымат эмес, эмоция үстүмдүк кылып жаткандыгын белгилеп, камак жайларындагы кыйноолорду токтотуу үчүн жаңы сот системасын куруудан башка амал жок деди. Оторбаев Кыргызстандын Кытайдан ыкчам жардам күтөөрүн, Орусия өлкөнүн маанилүү шериги бойдон кала берээрин кошумчалады. (jch)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG