Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

ЕККУ Азербайжанда журналистке кол салууну айыптады


Бир нече кесиптеши менен катар мамлекеттик энергетика ишканасынын коопсуздук кызматкерлери тарабынан сабалгандан кийин Идрак Аббасов ооруканага жаткырылды.

Журналисттерге кол салуу алар СОКАР компаниясынын жумушчулары Бакы калаасынын чет жакасындагы үйлөрдү кантип буздурганын видеого тартып жатканда болду. "Зеркало" гезитинде иштеген Аббасов Азербайжандагы Кабарчылардын эркиндиги жана коопсуздугу уюмунун негиздөөчү мүчөсү. Ага өткөн айда Коррупциялык индекс деп аталган өнөктүк тобу сыйлык ыйгарган.

XS
SM
MD
LG