Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Ташиев: Бабанов түз эфирге келбей койду


"Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев премьер-министр Өмүрбек Бабановду КТРКнын түз эфирине келбей койгонун ушу тапта парламентте өтүп жаткан жалпы жыйында билдирди.

"Кечээ Бабанов өзүнө керектүү журналисттерди чогултуп алып, керектүү жерлерди телевизордон көрсөттү. Мага КТРКнын баш директору Кубат Оторбаевден жооп келди кечинде саат тогуздан тогуз жарымга чейин түз эфир болот деп. Бирок ага премьер-министр Өмүрбек Бабанов келбей койду", - деди Ташиев.

Кечээ кечки алтыда Бишкекте оппозиция менен өкмөттүн сүйлөшүүсү өтмөк. Бирок ага оппозициянын өкүлдөрү келбей коюшту. "Ата Журттун" маалымат катчысы Нургазы Анаркулов бул жолугушуу КТРКнын түз эфиринен көрсөтүлүшү керек деген талап аткарылбай калганына байланыштуу барбай койгондорун "Азаттыкка" билдирди.

Ал жолугушууга элүүдөй маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да барган. Алардын суроолоруна жооп берген Өмүрбек Бабанов оппозиция ачык сүйлөшүүгө эмес, кызмат бөлүшүүгө кызыкдар болуп жатканын билдирип, өкмөттүн отставкасына эч негиз жок экенин айткан.

Камчыбек Ташиевдин саат алтыдагы жолугушууну жергиликтүү телеканалдардын биринде түз эфирде өткөрүү туурасындагы сунушуна өкмөт бул жолугушуунун демилгечиси катары "конструктивдүү диалогду саясий шоуга айландыруунун кажети жок" деп жооп берген болчу.

Оппозиция буга чейин Ошто, Баткенде жана Жалал-Абадда митинг уюштуруп, негизги талаптардын бир катары өкмөттүн отсавкасын коюп келатат.(RK)

XS
SM
MD
LG