Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Оппозиция өкүлүн КТРК Байкоочу кеңешине кошуу жолу сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев ушу тапта өтүп жаткан парламенттик жыйында оппозиция өкүлдөрүн Коомдук телерадиокорпорациянын Байкоочу кеңешинин курамына кошуу жолун сунуштады.

"Байкоочу кеңеш жөнүндөгү мыйзамдын автору катары мен бул мыйзамга толуктоо киргизейин деп жатам. Кечээ бекитилген курамдын ичинен балким кимдир бирөө келечекте мамлекеттик кызматка кетип же өз ыктыяры менен башка ишке өтсө, анын ордуна оппозициянын өкүлүн көрсөтүүнү сунуштайм", - деди Иманалиев.

КТРКнын Байкоочу кеңеши аталган телерадиокорпорациянын баш директорун тандайт, редакциялык саясатын аныктайт. Анын курамындагы 15 кишинин бешөөнү президенттен, бешөө парламенттен, дагы бешөөнү жарандык коомдон сунушталган талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңеш шайлап берет.

Кечээ жаңы курам шайланды. Оппозициялык "Ата Журт" фракциясынан сунушталган эки талапкер тең өтпөй калган. (RK)

XS
SM
MD
LG