Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Стамбулда Кыргызстан аялдарынын демократиядагы ролу жөнүндө сөз болду


Бүгүн Стамбул шаарында демократиялык өнүгүү шартында аялдардын орду, ролу, укуктарынын сакталышы боюнча эл аралык конференция өз ишин жыйынтыктап жатат. Ага Кыргызстандан “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова катышты. Конференцияда негизги көңүл Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка мамлекеттериндеги демократияга өтүү процесстерине бурулду.

Төлөйкан Исмаилова Кыргызстандын тажрыйбасы жөнүндө баяндама жасап, аялдардын укуктары, саясаттагы орду, гендер жана бюджет маселелери жөнүндө кенири айтып бергенин "Азаттыкка" кабарлады. Иш чараны Women's Learning Partnership эл аралык уюму уюштурду. (RK)

XS
SM
MD
LG