Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:26

Пан Ги Мун: Сирия тынчтык планын толук аткарган жок


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун айтымында, Сирия уруш жүргөн аймактардан аскерлерди жана оор техниканы чыгаруу кетүү боюнча милдеттемесин толук орундаган жок. Ал бул тууралуу Коопсуздук кеңешине жолдогон катында билдирип, Сирия тынчтыкка дилгирлиги боюнча “ачык белгини” азырынча бере электигин айткан.

Пан Ги Мун ошондой эле БУУнун Сирияда ок атышуунун токтошуна көзөмөл салуучу байкоочулар санын азыркы 250дөн 300гө көбөйтүүнү сунуштады.

Бул аралыкта бүгүн Парижге “Сириянын достору” тобуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери чогулуп, ок атышуунун токтошу боюнча олку-солку болуп турган кырдаалды талкуулаган жатат.

Ал жыйынды утурлай АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Сирия президенти Башар Асад акыркы мүмкүнчүлүгү жоготуп, Улуттар уюму менен Араб лигасынын чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планын ишке ашырбаса, олуттуу жазага кабыларын эскертти:

- Биз азыр бурулуш учурда турабыз. Биз же Кофи Аннандын планын Коопсуздук кеңешинин көрсөтмөсүнө ылайык алга жылдырып, байкоочулардын жардамы менен жаңжал жок жана тынчтык орногон аймактарды акырындык менен кеңейтебиз же кошумча чаралар каралганга чейин Асад акыркы мүмкүнчүлүгүн жоготконуна күбө болобуз.

Орусия болсо Париждеги бүгүнкү кеңешмеге катышпасын билдирип, ал жердеги сүйлөшүүлөр Сирия режимин изоляциялоого багытталганын жана тикелей тынчтык сүйлөшүлөрүнө зыян тийгизерин белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG