Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Токтонасыров: Суталинов ооруканада дегенге ишенбейм


Апрел окуясы боюнча соттолуучу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов ооруканада экенине ишене албай жатканын "7-апрел" кыймылынын жетекчиси, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров "Азаттыкка" айтты.

Ал бүгүн Суталинов жаткырылды деген Онкология борборунун урология бөлүмүнө барганын айтууда:

"Биринчиден, адам катары анын ал-абалын сурайын дедим, экинчиден, чын эле ошол жерде экенин өз көзүм менен көрөйүн дегем. Бирок ал жатат деген палатанын кире беришинде турган эки күзөтчүнүн бири Суталинов эмдөө бөлмөсүндө экенин айтса, экинчиси ал сыртка чыгып кетти деди. Дарыгерлер менен сүйлөшсөм, аны эртең операцияга жаткырышмак экен. Бирок өпкөсүн бир жумача дарылагандан кийин гана операция жасалат дешти", - дейт Токтонасыров.

Апрел окуясы боюнча соттолуучу Мурат Суталинов Улуттук онкология борборуна текшерилүүгө жатканын 16-апрелде "Азаттыкка" Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев айткан.

Ташбалтаевдин билдиргенине караганда, Суталиновдун баш коргоо чарасы өзгөргөн жок. Аны мурдагыдай эле кайтарып жатышат. Эгер бөйрөгүндөгү шишигин алыш керек болсо операция жасалат. Эгер операциянын кереги жок дешсе, кайра тергөө абагына барат.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте митингге чыккан токсонго жакын адамдын өлтүрүлүшү боюнча соттолуп жаткан 28 адамдын арасында Суталинов да бар. Ал өзү бул айыптоого таптакыр макул эмес экенин билдирген.

Ага былтыр декабрда кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген айып да тагылган. Ал боюнча Суталинов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. (RK)

XS
SM
MD
LG