Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Тимошенконун үстүнөн жаңы сот башталды


Тимошенко Киевдин сотунда. 5-август, 2011-жыл.
Тимошенко Киевдин сотунда. 5-август, 2011-жыл.
Учурда жети жылдык түрмө жазасын өтөп жаткан мурдагы өкмөт башчы Юлия Тимошенко эми 1997-1998-жылдары Украинанын ири газ компаниясын башкарып турган кезинде салык төлөөдөн качкан, каржылык кылмыштарга барган деп айыпталууда.

Кандайдыр бир кылмыш жасаганын төгүндөгөн Тимошенко саламаттыгын жүйө кылып, соттун алгачкы отурумуна катышуудан баш тартты. Тимошенконун үй-бүлөсү менен анын адвокаттарынын ырастоосунда, ал бир нече айдан бери бел оорусунан жапа чегүүдө.

Харьковдо сот имараты сыртында болсо бүгүн Тимошенконун 1000дей жактоочусу жыйналды. Ал былтыр октябрда премьер-министр кезинде кызматынан кыянат пайдаланды деген айып менен жети жыл кесилген. Тимошенконун өзү жана анын жактоочулары сот жараяндарын президент Януковичтин өкмөтүнүн саясий куугунтугу катары баалоодо. Мурдагы премьердин түрмөгө түшүүсү Украинанын Евробиримдик жана АКШ менен мамилесине зак кетирди. (UE)

XS
SM
MD
LG