Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Уюшкан кылмыштуу топтор “уюгуна” кайтууда


"Өзгөчө" абактардын бири, сүрөт качан тартылганыбелгисиз.
"Өзгөчө" абактардын бири, сүрөт качан тартылганыбелгисиз.

Уюшкан кылмыштуу топтун буга чейин камалган мүчөлөрү четинен боштондукка чыга баштады.

Айрым саясатчылар бийлик кылмыш дүйнөсү менен күрөш жасалма экендигин тастыктады деп сынга алышууда.

Күч органдары болсо кылмыш дүйнөсү менен күрөш токтобостугун айтып, алардын боштондукка чыгып жатышын сот тармагындагы чалкештиктер менен байланыштырышууда.

“Большойдун” бошонушу

Жакында Токмок шаарынын смотрящийи, кылмыш чөйрөсүндө “Большой” деген лакап ат менен белгилүү Азамат Касымбеков түрмөдөн чыкты. Ал 2011-жылы ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алгандыгы үчүн 7 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Бул боюнча жабырлануучу Жумадил Усубалиев парламенттин коррупция менен күрөшүү комитетине арызданган.

Аталган комитеттин мүчөсү, депутат Дастан Жумабеков бул ишти иликтөө Башкы прокуратурага тапшырылганын белгиледи:

- Мына ошол жабырлануучу "кандайча жети жылга кесилген кылмышкер үч айда бошонуп чыга келди" деп таң калып, бизге арызданып келген экен. Анын айтымында, кылмышкер анын эки унаасын мурда кандайдыр бир себептер менен тартып алган экен. Биз бул маселени алгач Башкы прокуратура текшерип чыксын деп тапшырма бердик. Анан ал жактан бизге жазуу түрүндө жооп беришет.

Жоопкерчилик жок

Азамат Касымбековдун мөөнөтүнөн мурда бошошуна негиз берген жагдайлар туурасында жазаны аткаруу кызматынан жооп ала алган жокпуз. Бул боюнча Свердлов райондук сотунан комментарий алуу аракетибизден да майнап чыккан жок.

Коомчулукта болсо уюшкан кылмыштуу топтордун камакка алынган өкүлдөрүнүн ичинен кыркка чукулу кайра эле эркиндикке чыккандыгы тууралуу маалымат тарады.

Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери боюнча комитетинин төрагасы Токтогул Туманов аталган маалымат текшерилип жатканына токтолду:

- Биз да соттор аркылуу айрымдары бошонуп жатышат деген сөздөрдү угуп жатабыз. Бирок мына ошондой жагдайлар боюнча кызыкдар тараптар бизге кабарлашса жакшы болот элек. Биз алар кандайча бошотулганын жана ага катышы бар жетекчилерге чара көрүү боюнча маселени алып чыгат элек.

Ички иштер органдары камакка алынгандардын ичинен айрымдарынын бошоп кетип жаткандыгын иштин жыйынтыгын бүлдүргөн түшүнүксүз жагдай менен байланыштырат. Ошол эле кезде ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш токтобойт деп ишендирди:

- Аларды чыгарып жиберишсе, биз кайрадан кармап отургуза беребиз. Иш жүрө берет. Албетте биз алардын жаза мөөнөтү эмнеге кыскартылганына да көзөмөл жүргүзүп турабыз. Анан алар кандайдыр бир жолдор менен чыгып кете турган болсо, биз дагы аларды кайрадан кармоого же эркиндиктеги абалына көзөмөл кылабыз. Негизинен азыр сыртка чыккан жана уюшкан топтордун башчылары ал жакка кайрадан баргыс болуп “жүзү курусун” дегидей абалда келип жатышат. Себеби ал жактагы тартип катуулаган.

Бийлик криминалдан кол үзгүсү жокпу?

Коомчулукта уюшкан кылмыштуу топтун айрым лидерлеринин бошотула башташы бийликтин унчукпаган макулдугу менен жүрүп жатабы деген шектенүүлөр күч.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Бакыт Калмаматов криминалдык лидерлердин бошотула башташын алардын бири-бири менен келишип кеткендигинен кабар берет деп эсептейт:

- Азыр күч түзүмдөрү сотторго, алар болсо тигилерге шылтап коюп жатышат. Бул бири-бирине төңкөй турган иш болбош керек эле. Эгерде күрөшө турган болсок элдин башын калп эле айлантпай, алар менен түп-тамырынан бери күрөшүшүбүз керек.

Мына жакында М.Абакировдун маалымат жыйынын көрдүк. Ал өзү ырастаганга караганда, Абакиров президент Атамбаевден баштап Бабанов, Текебаев жана Отунбаева сыяктуу бардык саясатчылар менен жакшы мамиледе экен. Бул деген уюшкан кылмыштуу топ чиновниктер менен ымала кылып, чогуу жүрөт турбайбы дегенди түшүндүрөт. ММК болсо аларды пиар кылып жатышса, бизде уюшкан кылмыш топторуна каршы согуш жарыяланды деген жөн эле кургак сөз турбайбы деген ишенимге келесиң.


Өткөн жылы бийлик кылмыш дүйнөсүнө аёосуз күрөш башталганын жарыялаган болчу. Анын алкагында эки жүзгө жакын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү темир торго киргизилген. Анын ичинен жыйырмадан ашууну кылмыш дүйнөсүндө “положенец” жана “смотрящий” сыяктуу титулдагы уюшкан топтордун башчылары болчу.

Мурдагы оппозиция Бакиев режими криминал менен чырмалышып алды деп сынга алып келген. Мына ошондон улам 2010-жылдан кийин келген бийлик криминалдан тазалануу демилгесин көтөрүп чыккан.

XS
SM
MD
LG