Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

"Сириянын достору" Аннандын планын аткарууга чакырышты


14 батыш жана араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Бириккен улуттар уюму колдогон тынчтык планын Сириядагы кризисти токтотуунун "акыркы үмүтү" деп баалашты. «Сириянын достору» деп аталган топтун Париждеги жыйынынын катышуучулары арачы Кофи Аннандын жетекчилигинде жазылган пландын аткарылышына биргелешип жардам берүүгө сөз беришти. АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон БУУнун Коопсуздук кеңешин Сириянын президенти Башар ал-Асадга кысым көрсөтүүгө чакырды. Ал эми Франциянын тышкы иштер министри Алан Жюппе Аннадын планы ишке ашпай калганда көрүлө турган чараларды талкуулоо зарылдыгын мындайча белгиледи:

Биз күтө албайбыз, убакыт өтүп жатат. Байкоочулар тез арада жайгаштырылышы керек, алар тоскоолдуксуз иш алып бара ала тургандай болушсун. Эгер андай болбосо, Коопсуздук кеңеши жана эл аралык коомчулук кандай чара көрөөрүн караштырышыбыз керек болот.

Жыйындын алдында Орусия ага Сирия өкмөтүнөн өкүлдөр болбогондугун сынга алган. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун өткөн аптада ишке кирген Аннандын тынчтык планын Сирия аткарбай, кан төгүү улам күчөп жаткандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG