Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Өкмөт башчы Сузак эли менен жолукту


Жалал-Абад облусуна бүгүн иш сапар менен барган премьер-министр Өмүрбек Бабанов Сузактын Кара-Дарыя айылында эл менен жолукту. Жолугушууга катышкандар Кара-Дарыя суусунун жээгин бекемдеп, жолдорду оңдоп, жаш үй-бүлөлөргө жер бөлүп берүү маселесин көтөрүп чыгышты. Өзбекстан менен чектеш жерде жайгашкан бул айылда соңку мезгилде мал уурулук күчөгөнүн да айтышты.

Кабарчыбызга район акимчилигинен билдиришкенине караганда, Кара-Дарыя суусунун жээгиндеги тогуз чакырымга жакын жерди бекемдеш керек. Коңшу өлкөдөгү суу сактагычтардын биринде жазында суу коё берилгенде Кара-Дарыянын жээгиндеги 485 үйдү каптоо коркунучу жаралаары, эгин талааларына да залакасы тийээри айтылды. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG