Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

Ошто милициянын жаңы бөлүмдөрү ачылат


Бүгүн Оштун Жапалак жана Амир-Темур конуштарында эки кабаттуу милиция бөлүмдөрүнүн курулушу башталды. Август-сентябр айларында пайдаланууга берилет. Ички ишер министри Зарылбек Рысалиев жаңы курулуп жаткан милиция бөлүмдөрүндө жүзгө жакын кызматкер иштей турганын айтты.

“Эки имарат тең компьютер менен камсыздалып, заманбап техникалык каражаттар берилет. Амир-Темур жана Жапалак конуштарында эл жыш жайгашкандыктан, жаңы бөлүмдөрдү ушул жерлерге курууну чечтик”,- деди Рысалиев.

Буга чейин аталган аймактарда милициянын участкалык бөлүмчөлөрү гана иштеген.

Эки имаратты тең жергиликтүү куруучулар бүтүрөт. Мамлекеттик бюджеттен 32 миллион сом бөлүндү. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG