Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

БУУ: Сирияга 300 байкоочу жиберилет


Бириккен улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши Сириядагы бийлик-оппозиция аткылашуусуна көз салганы 300гө чукул байкоочу жибере турган болду. Бул маселени талкуулап жатканда Орусия менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер орун алды. Москва чукул мөөнөт ичинде Сирияга эл аралык эксперттерди жиберүү керек десе, Британия, Германия жана Франция согуш жүрүп жаткан шаарлардан аскер техникаларды толук чыгарып кеткенче күтө туралы деген пикирди айтышты.

Сириядагы ок атышууну токтотуп, согуш жүрүп жаткан шаарлардан оор курал-жаракты чыгарып кетүү боюнча Араб өлкөлөрүнүн жана БУУнун тынчтык планы 12-апрелде күчүнө кирген. Ага карабастан Сирияда кагылышуу уланып, дагы эле кан төгүлүп жатат. Сирия оппозициясы көптөгөн шаарларда президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан демонстранттар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG