Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Орусия: Астраханда каршылык акциясы уланууда


Астрахан шаар мэрлигине болгон шайлоону жокко чыгаруу талабы менен оппозиция дээрлик 50 күндөн бери нааразычылык акциясын өткөрүүдө. Бүгүн Астраханга “Акыйкат Орусия” партиясынын талапкери Олег Шеинди колдогону башка шаарлардан да тарапкерлер келип кошулду. Жергиликтүү бийлик аталган партиянын лидери Сергей Мироновго митингге жолтоо болбойбуз деп убада берген менен полиция акциянын катышуучуларын кармоону улантууда.

“Азаттыктын” орус кызматынан кабарлашкандай кечээ флеш-моб акциясынын үч катышуучусун полицияга баш берген жок деп кармашса, бүгүн баракча тараттыңар деп дагы үч кишини полиция кармап кетти. Оппозиция шайлоону кайра өткөрмөйүнчө нааразылык акциялары улана берээрин айтууда.

XS
SM
MD
LG