Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Кыргызстанда эң чоң боз үйдүн түндүгү көтөрүлдү


Жалпы бийиктиги 20 метр, диаметри 30 метрден ашуун бул боз үйдү “Дасмия” эс алуу борбору жасатып жатат. Аталган борбордун ээси Турусбек Мамашевдин билдиришинче, бул боз үй дүйнөдөгү эң чоң боз үй катары Гиннестин рекорддор китебине кириши мүмкүн.

"Буга чейин Гиннестин рекорддор китебинде Монголияда жасалыптыр. Анын диаметри 28 метр экен. Биз болсо, 30 метрге жеткирип, боз үйдүн кыргыз элиники экенин далилдегибиз келди", деди Мамашев.

Боз үйдүн кереге ууктары жана түндүгү темирден жасалган. Ал эми үзүк-туурдуктары кадимки кийизден жасалат.

Боз үйдүн бир бөлүгү театрдын сахнасы катары улуттук оюндарды ойноого ылайыкташат.

Жаңыдан түндүгү көтөрүлгөн боз үйдүн уук-керегелерин ширетүү иштери эки-үч айга чейин созулуп, ал толугу менен июлда колдонууга берилет.

XS
SM
MD
LG