Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Францияда президенттик шайлоо өтүп жатат


Бул жолу президенттик кызматка 10 талапкер ат салышууда. Францияда жалпы 44 жарым миллион шайлоочу катталган, кечээ алыскы аймактагы 800 миң киши добуш берүүгө катышты. Алдын ала социологиялык сурамжылоолорго караганда, президенттик шайлоо сөзсүз эки тур менен өтүп, биринчи турда азыркы президент Николя Саркози менен социалист Франсуа Олланд алдыга суурулуп чыгаары болжолдонууда. Алар аз эле айырма менен, 28 жана 26 пайыз добуш алып биринчи турга чыгышат деп жергиликтүү медиалар жазып чыгышты. Бирок президент болчулардын бирөөсү да элдин негизги көйгөйү болгон жумушсуздукка көңүл бурбаганын айтып, шайлоочулардын 25 пайызы добуш берүүгө катышпай турганын билдиришкен. Шайлоонун экинчи туру 6-майга белгиленди.

XS
SM
MD
LG