Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Иракта Сириядан курал ташып бараткандар кармалды


Иракта Сириядан мыйзамсыз курал-жарактарды алып өтүүгө аракет кылган 25 адам кармалды. Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү билдиргендей, курал ташыгандар Сириянын түндүк-чыгыш тараптагы чек арасын басып өтүп, Ирактын Мосул шаарына келишкен. Алардын жанынан 18 тапанча, 20 автомат, 150 миң АКШ доллары табылды.

Жыл башында Багдад Сирия жоочуларынан сактаныш үчүн чек араны кайтарууну күчөтүү зарылдыгын айткан болчу. Бирок Дамаск Ирак чек арасын жакшы кайтарбай жатканын айтып, тескерисинче жоочулар Ирактан Сирияга карай агылып жатканын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG