Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Министр тестирлөө боюнча маалымат берет


Бүгүн билим берүү жана илим министри Канат Садыков Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинде жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруп өткөрүү боюнча маалымат берет. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңештин 18-апрелдеги жыйынында тестирлөөнүн өзбек тилинде өткөрүлүшү чоң талкууну жараткан. Билим берүү жана илим министри Канат Садыков тест башынан эле үч тилде: мамлекеттик, расмий жана өзбек тилинде өткөрүлүп келатканын, бул жарандардын конституциялык укугу болуп эсептелээрин айткан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG