Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Бахрейнде кармалган британиялык журналисттер бошотулду


Бахрейнде кармалган британиялык журналисттер коё берилип, өлкөдөн чыгарылууда. Кабарчылар жекшембиде шийи оппозициясынын демонстрациясын тартып жаткан жеринен кармалышкан. Channel 4 News каналынын кабарчысы Жонатан Мартин Твиттерде жазгандай, алар менен кошо кармалган жергиликтүү айдоочу менен бир активист камакта кала берүүдө. Журналисттер “Формула 1” автожарышын чагылдыруу үчүн келишкен. Оппозициянын нааразылык чыгууларына кабарай, Бахрейн бийлиги жарышты коттортурбай койгон. Журналисттер раллиден кетип, Манамынын жанындагы акцияны тартууну чечишкен.
Өткөн жылы Араб жазынын толкуну Бахрейнге жетип, шиий көпчүлүгү башкаруудагы сунилерден реформаларды талап кылышкан. Кагылышууларда 30 киши өлгөндөн кийин “Формула 1дин” ал өлкөдөгү айлампасы өткөрүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG