Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

Ош: Айрым айылдарда сел жүрдү


Ош облусунун айрым айылдарында 22-апрелде сел жүрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын Бекжар айылында 22-апрел күнү түштөн кийин сел жүрүп, Ош – Гүлчө унаа жолунун 42-чакырымын көлөмү 630м³ сел калдыктары тосуп, жол жабылган. Тазалоо иштери кечки сегизге жакын аяктап, жол ачылды.

Мады айылдык аймагынын Беш-Мойнок айылында 22-апрелде кечинде нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон түшкөн суудан сел жүрүп, төрт үйдүн короосун, айылдагы дүкөндү жана Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылдарынын 20 гектар эгин талаасын суу каптаган.

Кара-Кулжада Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу акимдин буйругу менен кечки алтыдан эртең мененки сегизге чейин жабык. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG