Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Казакча Википедияга дагы 20 миллион тенге бөлүнөт


Улуттук жыргалчылык «Самрук-Казына» кору интернеттеги казак тилиндеги энциклопедияны өнүктүрүүгө былтыркы 30 миллионго кошуп, быйыл дагы 20 миллион теңге бөлөт. Бул тууралуу Алматыда аяктаган түрк тилдүү Википедия жыйынында айтылды. Казак тилиндеги Википедияда 125 миң макала бар. Буга салыштырмалуу кыргыз Википедиясы кыргыз өкмөтүнөн колдоо таба элек, макалалардын саны 6 миңден гана бир аз ашты жана волонтерлер жетишсиз.

Алматыда Гугл компаниясынын котормочу программасына түрк тилдерин киргизүү тууралуу да сөз болду. Интернеттеги бул программанын мааниси тууралуу википедиячы жана кыргыз-тарых коомдук бирикмесинин президенти Тынчтыкбек Чоротегин буларды белгиледи:

– Google Translate өзгөчө көп тилдерди билбеген карапайым адамдарга керек, алар тез арада идея, маалымат алууга чоң кызмат өтөй алат. Мындай котормо жалпыланган, түпкү маанисине жакындаткан идеяны бере алат. (JCH)

XS
SM
MD
LG