Өкмөт башчы Өмурбек Бабанов ушу тапта парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берип жатат. Ал 2011-жыл өкмөттүн иши үчүн ийгиликтүү болду деп билдирди. Ички дүң өнүмдүн өсүшү былтыр 5,7 пайыз болгонун айтты. Инфляция 5,7 пайызды түзгөнүн, мурдагы жылы бул көрсөткүч 19,5 пайыз болгонун кошумчалады. (RK)