Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Баткенде сел малды агызып, электр жарыгын өчүрдү


23-апрелде кечинде Баткен районунун Кыштут, Согмент жана Газ айылдарында катуу жаандан сел жүрдү. Кыштут айылында алты чакырым ички чарбалык унаа жол бузулду. Жол каттамы жок. Бир турак жайды сел басып, бир даана автоунааны суу агызып кетти.

Газ айылында 2,6 чакырым ички жол бузулуп, 1,7 чакырым ички арыктар кум шагылга толуп калган.

Согмент айылында үч чакырым ички чарбалык жол бузулуп 50 баш малды сел агызып кетти.

Мындан сырткары “Каратокой-2” ВЛ-10кВ “1-май” фидеринен үч даана электр мамычаларын сел жууп кетти. Азыркы учурда Кыштут, Дара жана Суу-Башы айыл аймактарында электр энергиясы жок. Аталган аймакта Баткен РЭСнин авариялык бригадасы иштеп жатат.

Сел кеткен жерде райондук, облустук жарандык коргоо комиссиялары иштеп жатат. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG