Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:33

Аннан Сириядагы байкоочулар боюнча келишимди тезирээк түзүүгө үндөдү


Сирия боюнча атайын чабарман Кофи Аннан Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынында ал өлкөдөгү абал пессимизм жаратаарын билдирди. Аннан өкмөттүк күчтөр Хама шаарын аткылап, көптөгөн адам набыт кеткени жөнүндөгү кабарлар камтама кылаарын айтты. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун артынан Аннан азыркы кырдаал кабыл алынгыс деп, Сирия өкмөтүн тынчтык планын аткарууга чакырды. Ал Дамаск менен оппозицияны 12-апрелде күчкө кирген ок атышууну токтотуу келишимин аткарууга үндөдү. Аннан байкоочулардын миссиясын жайгаштыруу үчүн тезирээк келишимдер керек деп белгиледи. Сириядагы абалга 300дөй куралсыз байкоочу көз салып турмакчы. Алардын 11 кишиден турган алгачкы тобу эки апта мурун барган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG