Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Зомбулукка кабылган балдар маселеси талкууланат


Бишкекте зомбулукка кабылган балдарга жардам берүүчү адистер атайын окуудан өтөт. Алар балдар менен социалдык, укуктук жана психологиялык жактан иштөөнүн негизги ыкмаларына үйрөнүшөт. Кийин өзүлөрү да ушул багытта тренингдерди уюштурушат. Окуу Зомбулукка кабылган балдарга жардам берүү борборунда өтөт. Ага Бишкектин ар бир районунан балдар менен иштеген адистер катышат.

Бишкектеги Балдарга жардам борборунан "Азаттыкка" кабарлашкандай, былтыр 80 арыз түшкөн. Алардын көпчүлүгү, 60 пайызы балдардын үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылганына байланыштуу болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG