Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:14

Аскер жигит үч жашар баланы өлүмдөн сактап калды


Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда суу агызып кеткен үч жашар баланын аман калганы тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт. ИИМдин ички аскер кызматкери Ибрагим Арапов 15-апрелде каналдын жээгинде топтолгон адамдар жаңы эле суудан чыгарылып кыймылдабай жаткан баланы карап турушканын көрөт. Ибрагим Арапов тез арада баланын оозу аркылуу жасалма дем алдыртканда гана ал өзүнө келе баштаган. Ошол замат тез жардам чакырылып, бала ооруканага жеткирилген. Азыр анын абалы жакшырып келатканы айтылууда. Ал 2009-жылы туулган Айбек Исаев экени аныкталды. Ата-энеси баласынын өмүрүн сактап калган прапорщикке ыраазылыгын билдиришти. (RK)

XS
SM
MD
LG